Ош шаарында эл аралык поэзия майрамы өтөт
Ош шаарында 28-30-май күндөрү кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өткөрүлөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жаш акындары катышат.
► Кыргызстандын атынан:
- Мирлан Самыйкожо
- Нарсулуу Гургубаева
- Нуриза Өмүрбаева
- Бердибек Жамгырчиев
- Ибрагим Айип Уулу
- Максат Жангазиев
- Акбар Кубанычбеков
- Садырбек Турдубек уулу
- Гүлүмкан Исаева
- 1Айзат Кудайберди Кызы
► Казакстандын атынан:
- Эльмира Сарсенбаева
- Арайлым Мураталиева
- Ершат Қайболдин
- Ерік Нарын
- Мэрей Карт
► Азербайжандын атынан:
- Айшан Рахимова
- Фарид Хусейинов
- Интихом Жаваншир
► Өзбекстандын атынан:
- Эркинжан Хожоматов
- Масхулох Мадаминов
- Хулкар Шерзодова
- Шоди Атамуротов
- Яхёхон Файоз
► Мажарстандын (Венгрия) атынан:
- Матьёш Регёш
- Арпад Колар
► Түркиянын атынан:
- Юнус Карадаг
- Севги Демирчи
► Түркмөнстандын атынан:
- Бекдиев Муххамед
- Галпаков Даанатар.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты;
- Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар Союзу
- Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги,
- Евразия жазуучулар союзу.
