Кыргызстан менен Россиянын ири китепканалары кызматташат. Келишимге кол коюлду
27 ноябрь

Кыргызстан менен Россиянын ири китепканалары кызматташат. Келишимге кол коюлду

Россия мамлекеттик илимий-техникалык китепканасы менен Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө маанилүү келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Документке Россиянын МКИТК тарабынан МКИТКнын башкы директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Наталья Михальченков, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы тарабынан китепкананын директору Элдар Аттокуров кол койгон.

Келишим кесиптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, илимий-маалыматтык ресурстар менен алмашууга, биргелешкен санариптик демилгелерге, ошондой эле китепкана жана билим берүү чөйрөлөрүндө гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган.

Бул эки алдыңкы китепкананын эл аралык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Биргелешкен иштин негизги багыты технологиялык лидерликке жетишүүгө жана алдыңкы маалыматтык чечимдерди китепкана чөйрөсүнө интеграциялоого багытталган.

“Кол коюлган келишим – бул келечекке багытталган стратегиялык биримдик. Кыргыз кесиптештерибиз менен биргеликте биз өлкөлөрүбүздүн илимий-техникалык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуунун үстүндө активдүү иш алып барабыз”, деди Наталья Алексеевна.

Ал эми Элдар Аттокуров өз кезегинде эл аралык кызматташтык ар бир заманбап китепкана үчүн өнүгүүнүн драйвери болуп саналарын кошумчалады.

"Биз үчүн Россиянын МКИТК менен өнөктөштүк – бул көптөгөн келечектүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга мүмкүндүк берген абдан баалуу биримдик”, – деп билдирди ал.