“Ырларда калган аз өмүр” — Ак-Талаада Гүлжамила Шакированы эскерүү кечеси өттү
Ак-Талаа райондук тарых музейинде 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын жана журналист Гүлжамила Шакированын 70 жылдыгына арналган “Ырларда калган аз өмүр” аттуу эскерүү-адабий кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара көркөм окуу конкурсунун негизинде уюштурулуп, ага Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы инновациялык мектебинин жана Кайыңды-Булак айылындагы Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинин окуучулары катышты.
Конкурстун калыстар тобун Кыргыз Эл акыны Өмүрбек Дөлөев жетектеп, мүчөлөр катары социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Т.Байшериев, маданият бөлүмүнүн башкы адиси Токторбек уулу Тимурлан, жана тарых музейинин директору З.Жаналиева орун алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
• Акынды эскерүү иретинде куран окулду;
• Акындын өмүр жолун чагылдырган видеослайд көрсөтүлдү;
• Кыргыз Эл акыны Ө.Дөлөев акындын ыры менен кечесин ачып, көркөм окуп жана сөз сүйлөдү;
• Конкурсанттар G.Шакированын ырларын көркөм окуп, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү;
• Жыйынтык чыгарылганча маданият үйүнүн кызматкерлери акындын обондуу ырларын аткарышты.
Конкурс жыйынтыгында мыкты катышуучуларга дипломдор, акындын китептери жана белектер ыйгарылды.
