Манас шаарында "Үч муун" аттуу маданий жолугушуу өтөт
Манас шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы сүрөт жатак мектебинде президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» долбоорунун алкагында “Үу муун” аттуу маданий жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара 1-декабрда, саат 16:00дө башталат.
Ага театр артисттери – актёр, төкмө акын Сапарбек Зулпуев жана актёр, Бала Барпынын образын жараткан Кудайберди Арапбаев катышып, өнөрлөрүн тартуулашат.
Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунга улуттук мурастын маңызын жеткирүү, акындык өнөрдүн өзгөчөлүктөрүн таанытуу жана актёрдук кесиптин чыгармачыл табиятын ачып берүү. Ошондой эле жолугушууда Барпы акындын философиялык чыгармалары кеңири талкууланып, окуучуларга руханий тарбия берүү пландалууда.
Иш-чара Манас шаарынын маданий жашоосундагы маанилүү окуялардын бири катары күтүлүүдө.
