Кыргыз улуттук балети Испанияда биринчи ири европалык гастролдорун баштайт
27 ноябрь

Кыргыз улуттук балети Испанияда биринчи ири европалык гастролдорун баштайт

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет труппаcы 8–23-декабрь күндөрү Испания Падышачылыгына гастролдук турга аттанат. Бул – Кыргызстан театр өнөрүнүн флагманы үчүн Европадагы алгачкы гастролдор.

Сарагоса, Кальпе, Риба-Роха-де-Эбро, Шатива, Аликанте, Ла-Нусия жана Гандия шаарларынын тургундары кыргыз балетинин жылдыздарынын бий өнөрүн көрө алышат. Гастролдук программага дүйнөлүк классиканын шедеврлери киргизилген. Анда «Ак куу көлү», «Щелкунчик» (П. Чайковский) «Дон Кихот» (Л. Минкус) чыгармалары коюлат.

Гастролдорго карата кыска убакыт ичинде жаңы, жаркыраган, кооз сахналык костюмдар тигилди. Тур компаниясы «GLOBAL SHOWTIME SERVICES S.R.L.» (Глобал Шоутайм Сёрвисиз С.Р.Л.) жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык меморандумунун алкагында ишке ашууда. Компаниянын ээси Хосе Мануэль Тахада Регидор долбоордун өнөктөшү болуп саналат.

Гастролдорго балеттин 45 артисти, ошондой эле зарыл техникалык жана тейлөө кызматкерлери катышат. Делегацияны театрдын башкы директору, КРнын эл артисти Муратбек Бегалиев жана башкы балетмейстер, КРнын эл артисти Айзада Тумакова жетектейт. Испания аймагында ишке ашуучу бул долбоордун бардык чыгымдарын кабыл алуучу тарап – «GLOBAL SHOWTIME SERVICES S.R.L.» компаниясы көтөрөт.

Кыргыз жана испан тараптары келечекте да театр искусствосу боюнча биргелешкен долбоорлорду түзүүнү пландаштырууда. Анын алкагында режиссёрлор, балетмейстерлер, сүрөтчүлөр, дирижёрлор, опера жана балет солисттери сыяктуу алдыңкы адистер тартылат. Ошондой эле дүйнөлүк жана улуттук классиканын мыкты спектаклдерин, заманбап авторлордун чыгармаларын көрсөтүү менен гастролдорду жана концерттерди уюштуруу каралууда.