Ош шаарында Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди
16 февраль

Ош шаарында Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди

Ош шаарында 15-февралда Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 37 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КР Куралдуу күчтөрүнүн түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, Оштогу Орус үйүнөн жана Ооган согушунун, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү катышышты.

Иш-чара эстеликке гүл чамбарларды коюу менен башталып, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлердин элесине куран окулду.

Нурлан Закиров, бул күн тарых барактарында ооган согушуна катышкан ар бир жоокердин эрдигин эскерүү маанилүү экенин, алар тынчтык орнотууда өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин – дээрлик он жылга созулган. Ош шаарынан жалпы 751 адам катышып, алардын ичинен 19у шейит болгон.

Учурда Ош шаарында Ооган согушунун 424 ардагери жашайт.