Бусурман Одуракаев Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды
Бусурман Одуракаев
12 январь

Бусурман Одуракаев Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды

Бусурман Одуракаев Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, 10-январда союздун төрагасын кайра шайлоо, жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга арналган курултай өткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Кинематографисттер союзун Таалайбек Кулмендеев жетектеп келген.