“Манас” академиясы Илимий редакциялык кеңеш түздү. Максаты
“Манас” улуттук академиясында “Эпостаануy” бөлүмү тарабынан жарык көрүүчү китептердин мазмундук жана илимий сапатын камсыз кылуу максатында Илимий редакциялык кеңеш түзүлдү.
Аталган академиядан билдиришкендей, кеңештин биринчи отуруму өткөрүлүп, мүчөлөр расмий тааныштырылып, бекитилди.
Аймактардагы мүчөлөр чогулушка онлайн форматта катышты.
Редакциялык кеңештин курамына төмөнкү илимпоздор жана адистер кирди:
• Майчинова Г. – Академиянын коммуникация жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси
• Акматова В.С. – филология илимдеринин доктору
• Жумалиев С.Ж. – филология илимдеринин доктору
• Кулалиева К. – филология илимдеринин кандидаты
• Кулбаракова З. – филология илимдеринин кандидаты
• Назира Аалы кызы – “Манас” улуттук академиясынын вице-президенти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
• Момунбаева Н. – тарых илимдеринин кандидаты
• Калчакеев К.Б. – филология илимдеринин доктору
• Жамгырчиева Г. – филология илимдеринин доктору, фольклор таануучу
Кеңештин төрагасы Азиз Биймырза уулу — "Манас" улуттук академиясынын президенти.
Бул кеңештин негизги максаты — “Манас” эпосуна жана жалпы эпостук мурастарга арналган илимий басылмалардын сапатын жогорулатуу, академиянын басма иштеринде мазмундук тактык менен илимий деңгээлди камсыз кылуу.
Кеңештин ишмердүүлүгү мындан ары да туруктуу негизде улантылып, жаңы жарыялануучу китептердин мазмунун илимий жактан кароо менен бирге жаңы сунуштарды бере алышат.
