Максат Жумаев “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп дайындалды
Максат Жумаев 
26 август

Максат Жумаев “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп дайындалды

Максат Жумаев  Т. Океев атындагы Улуттук Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Жумаев Максат Медербекович – 1985-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку, Нарын мамлекеттик университетин “Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу системалары” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Asman cinema production” киностудиясында режиссёр, продюсер, сценарист;
  • 2010–2016-жж. “KG Club production” студиясында режиссёр, оператор-коюучу, сценарист;
  • 2008–2010-жж. “Открытая Азия»” программасында (Internews Network) оператор, монтажёр;
  • 2007–2008-жж. ТРК НТСте жаңылыктар бөлүмүндө оператор, монтажёр;
  • 2005–2007-жж. ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) техникалык директор;
  • 2002–2005-жж. ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) оператор, монтажёр.

Фильмографиясы:

  • “Туман” (2012) – режиссёр, сценарист;
  • “Гонщик таксист” (2013) – режиссёр;
  • “Временный парень” (2014) – режиссёр;
  • “Эне жүрөгү” (2016) – режиссёр;
  • “Бажарики” (2017) – продюсер;
  • “Бажарики 2” (2018) – продюсер;
  • “Баары бир тууган” сериал (2019) – режиссёр, сценарист;
  • “Доске” (2021) – режиссёр, сценарист;
  • “Разбой” (2023) – режиссёр, сценарист;
  • “Жаным” (2023) – режиссёр, сценарист;
  • “Разбой – новая глава” (2023) – режиссёр, сценарист;
  • “Террорист” (2024) – режиссёр, сценарист;
  • “Участковый инспектор Марат” (2024) – режиссёр, сценаристи.