Ош шаарындагы көчөгө казак акыны Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат
26 август

Ош шаарындагы көчөгө казак акыны Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат

Ош шаарындагы көчөгө казак акыны Абай Кунанбаевдин ысымы берилип, эстелиги тургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай менен Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмеводго бул көчөнү тааныштырып келди.

Аталган көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жумуш дээрлик аяктап калды. Жалпы узундугу 3 чакырым 800 метр. Алдыңкы бир ай ичинде көчөнүн башына акындын айкели коюлуп, чакан сквер уюштурулат.

Белгилей кетсек, Абай Кунанбаев коомдук-саясий жана философиялык ой-пикирлери менен казак элинин билим, маданият жана адабият тармагына зор салым кошкон.

Ош шаарында көчөлөргө Абай Кунанбаевдин ысымын берүү - улуу акындын мурасына урмат көрсөтүү, жаштарды билимге жана маданиятка чакыруу менен бирге кыргыз-казак боордоштугун чыңдоонун дагы бир далили болуп саналат.