Кыргыз улуттук филармониясы менен Сеул искусство жана маданият фондунун ортосунда меморандумга кол коюуду
2026-жылдын 19-августунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен Сеул искусство жана маданият фондунун (SFAC) ортосунда маданият жана искусство жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү.
Меморандумга Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмонов жана SFACтын башкы директору Сон Хён Чжон (송형종) кол коюшту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рахат Жунушбаева, SFACтын тышкы байланыштар боюнча кеңешчиси Айсулу, бөлүм башчысы Ким Сон Хён (김성현) жана команда жетекчиси Ан Ми Ён (안미영) катышты.
Меморандум Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана биргелешкен чыгармачылык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Документтин алкагында биргелешкен маданий, театрдык, музыкалык жана билим берүү долбоорлорун уюштуруу, чыгармачыл адистердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү, ошондой эле мастер-класстарды, форумдарды, семинарларды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүү каралган.
Мындан тышкары, тараптар чыгармачыл жамааттардын жана искусство өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө, маданий долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга жана жаңы чыгармачылык демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурушат.
