Кыргызстан менен Азербайжан адабий байланыштарды бекемдейт
5 март

Кыргызстан менен Азербайжан адабий байланыштарды бекемдейт

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Расул оглы Рзаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуу КР министрлер кабинети менен Азербайжандын министрлер кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга карата кызматташуу программасында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында элчиликтин демилгеси менен болуп өттү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы адабий байланыштарды бекемдөөгө багытталган кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Тараптардын Кыргызстан менен Азербайжандын классиктеринин негизги чыгармаларын кыргыз жана азербайжан тилдерине которуу үчүн тизмелерин алмашуу, кийин эки өлкөнүн окурмандарына таратуу чечими маанилүү болду.

Жыйынтыгында маектештер окурмандар жана изилдөөчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, кылымдар бою бир туугандык байланыштар менен бириккен эки элдин маданий байлыгын сактоо жана жайылтуу боюнча милдеттенмелерин ырасташты.