Бишкекте чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX Форумунун жыйынтык Резолюциясы кабыл алынды
10-июнда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX Форумунун жыйынтыктоочу пленардык жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында Форумдун Резолюциясы кабыл алынды.
9–10-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын борборунда өткөн форумга КМШ өлкөлөрүнүн илим, маданият жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук жана чыгармачыл бирикмелердин өкүлдөрү катышты.
Форумдун программасына Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган пленардык жыйын, ошондой эле маданият тармагындагы санариптик технологиялар, илим жана билим берүү жаатындагы кызматташтык, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын Шериктештик өлкөлөрүнүн заманбап адабий процессиндеги орду тууралуу талкуу аянтчалары кирди.
Талкуулардын жыйынтыгында катышуучулар гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун, маданият, билим берүү жана илим тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнүн, маданияттар аралык диалогду кеңейтүүнүн жана гуманитардык чөйрөгө заманбап санариптик технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген Резолюцияны кабыл алышты.
Резолюцияда КМШ өлкөлөрүнүн маданий мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүү, театр, кино, китепкана, музей жана архив иштери боюнча жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, онлайн-көргөзмөлөрдү, виртуалдык экскурсияларды жана маданий иш-чаралардын түз эфирдеги көрсөтүүлөрүн уюштурууга мүмкүнчүлүк берген санариптик платформаларды кеңири колдонуу боюнча сунуштар камтылган.
Мындан тышкары, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, санариптештирүү жана жасалма интеллект технологиялары менен байланышкан жаңы чакырыктарга ылайык улуттук билим берүү системаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле КМШда жарыяланган Ден соолукту коргоо жылынын алкагында дисциплиналар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Форумдун катышуучулары дүйнөлүк маданияттын көрүнүктүү өкүлү, гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этишип, анын элдер ортосундагы гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон зор салымын белгилешти.
Форумдун жыйынтык документтери кабыл алынган чечимдерди жана сунуштарды ишке ашырууга көмөктөшүү максатында КМШнын Аткаруу комитетине жөнөтүлөт.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар Кыргыз Республикасына жылуу меймандостугу, форумду жогорку деңгээлде уюштурганы жана мазмундуу маданий-ишкердик программасы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиришти.
