Алай музыкалык-драма театрына жаңы жетекчи дайындалды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын директорлук кызматына Илязов Эрлан дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал буга чейин Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келген.
Эрлан Илязов 1989-жылдын 2-августунда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.
Ал Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде (2006–2012) "Музыкалык билим берүү" адистиги боюнча, ошондой эле ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинде (2006–2011) "Финансы жана кредит" багытында жогорку билим алган.
Эмгек жолу маданият тармагына тыгыз байланышкан:
- 2015–2018-жж. – Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын артисти;
- 2018–2021-жж. Алай райондук маданият үйүнүн директору;
- 2021–2022-жж. – Алай музыкалык-драма театрынын артисти;
- 2022–2024-жж. – театрдын башкы администратору.
