Ош: аймактык маданий инфратүзүмдү өнүктүрүүдөгү жаңыы кадам
Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында заманбап коворкинг-борбор ачылды. Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, китепкана жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Маданият министрлиги өлкө боюнча маданий мекемелерди модернизациялоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана заманбап кызмат көрсөтүү моделдерин киргизүү боюнча иш жүргүзүп келет. Китепканаларды билим жана чыгармачылык борборуна айлантуу – бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Жаңы коворкинг-борбор жаштарга, студенттерге жана фрилансерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, билим алуу жана иштөө үчүн ачык мейкиндикти сунуштайт. Ал конференц-зал, лекция бөлмөсү, топтук жана жеке иш аймактары, эс алуу зонасы менен камсыздалган.
Борбордун ачылышы облустук китепкананы коомчулук үчүн инновация, билим жана кызматташтыктын жаңы борборуна айлантты. Министрлик аймактардагы маданий инфратүзүмдү өнүктүрүү аракеттерин мындан ары да улантат.
