Берлинде Султан Раевдин «Күн кармаган бала» романынын бет ачары өттү
6 июнь

Берлинде Султан Раевдин «Күн кармаган бала» романынын бет ачары өттү

Ушул жылдын 2-июнунда Берлиндеги Юнус Эмре институтунда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин «Күн кармаган бала» романынын бет ачаары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Иш-чарага ардактуу конок катары Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана КР Кеңешинин мурдагы төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Өмүрбек Текебаев Раевдин эмгегин жогору баалап, анын түрк дүйнөсүнүн маданий байланыштарын чыңдоого кошкон салымын белгиледи.

Белгилей кетсек, доктор Кемал Гөз тарабынан түрк тилине которулган «Күн кармаган бала» романы (Bengü Yayınları, 2022) балалык жана адеп-ахлак темаларын камтыйт.

Иш-чарага Түркиянын Башкы консулу Илкер Окан Шанлы жана маданий чөйрөнүн өкүлдөрү да катышты. Программада кыргыздын популярдуу «Акак» ансамблинин концерти жана «Манас» академиясынын президенти Биймырза уулу Азиздин аткаруусунда «Манас» эпосунан үзүндү тартууланды.