Бишкекте Тажикстандын сүрөт көргөзмөсү ачылды
Кыргызстанда өтүп жаткан Тажикстандын Маданият күндөрүнүн алкагында бүгүн, 19-майда «Тажикстандын сулуулугу — келечек үчүн мурас» аттуу сүрөт көргөзмөсү салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Тажикстандын маданият министри Сатториён Матлубахон Амонзода катышып, эки өлкөнүн маданий алакаларын мындан ары да бекемдөө зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле ачылышка Тажикстандын чыгармачыл делегациясынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, сүрөт сүйүүчүлөрү жана шаар тургундары катышты.
Көргөзмө 19–21-май күндөрү Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде (Абдрахманов көчөсү, 196) өтөт.
Экспозицияда Тажикстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн жана жаш авторлорунун живопись жана графика жанрындагы эмгектери сунушталып, көрүүчүлөрдү бай маданий мурас, улуттук өзгөчөлүк жана чыгыш дүйнөсүнүн көркөм философиясы менен тааныштырды. Ар бир эмгекте Тажикстандын жаратылышы, тарыхый эстеликтери, каада-салттары жана элдик дүйнө таанымы чагылдырылып, келген коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө коноктор сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык изденүүлөрү, заманбап искусстводогу жаңы багыттар жана улуттук баалуулуктарды искусство аркылуу сактоо маселелери тууралуу пикир алышты.
