Манас шаарында “Кан Манастын кырк чоро” аттуу жаңы китептин бет ачары өттү
27 ноябрь

Манас шаарында “Кан Манастын кырк чоро” аттуу жаңы китептин бет ачары өттү

Манас шаарында “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун алкагында “Манас” улуттук академиясы басып чыгарган “Кан Манастын кырк чоро” аттуу жаңы китептин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан кабарлашты. 

Иш-чарага “Манас” улуттук академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Назира Аалы кызы, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бет ачар аземинде катышуучулар улуттук баалуулуктарды сактоо, “Манас” эпосунун изилдениши жана келечек муунга жеткирүү маселелери боюнча ой бөлүшүштү.

Эмгек “Манас” эпосундагы Кырк чоронун образына, алардын тарыхый жана руханий маанисине жаңы көз караш менен сереп салат.

Иш-чаранын соңунда “Манас” улуттук академиясы тарабынан катышуучуларга китептер тартууланып, музыкалык номерлер менен коштолду.