Кыргызстан менен Түркия медиа жана коммуникация жаатында кызматташтыкты талкуулады
Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин жалган маалыматтарга каршы күрөшүү форумунун алкагында, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран менен жолукту.
Жолугушуунун негизги максаты – Кыргыз–Түрк медиа кызматташтыкты бекемдөө, жалган маалыматтарга каршы чараларды күчөтүү жана биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү болду.
Жолугушууда тараптар медиа контент, аналитикалык материалдар, документалдык жана билим берүү программалары, санарип технологиялар, жасалма интеллект жана фактчекинг багытындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.
Ошондой эле кадрларды даярдоо жана медиа академиялар боюнча тажрыйба алмашуу программаларына көңүл бурулду.
Эки тарап Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун алкагында биргелешкен медиа хаб түзүү жана Кыргыз–Түрк глобалдык медиа платформасын өнүктүрүү боюнча макулдашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медиа кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге чыгарарын, контент жана технология алмашууну күчөтөрүн, ошондой эле эркин жана ишенимдүү маалымат чөйрөсүн калыптандырууга даяр экенин билдиришти.
