Министр эл аралык архитекторлордон, тарыхчылардан жана изилдөөчүлөрдөн турган топ менен жолугушту
19 декабрь

Министр эл аралык архитекторлордон, тарыхчылардан жана изилдөөчүлөрдөн турган топ менен жолугушту

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев архитекторлордон, тарыхчылардан жана изилдөөчүлөрдөн турган эл аралык топ менен жолугушту.

Анда эл аралык топтун жетекчиси Екатерина Головатюк Кыргыз Республикасына келген максаттары менен тааныштырып, совет доорундагы архитектура жана шаар куруу объектилерин сактоого, изилдөөгө жана заманбап талаптарга ылайык жаңылоого багытталган алдыдагы долбоордун концепциясын сунуштады.

Диалогдун алкагында мындан аркы кызматташуунун келечеги, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тарыхый-маданий мурастарды сактоонун заманбап талаптарын эске алган архитектуралык чечимдерди иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык топ тарабынан советтик мезгилдеги объектилердин архитектуралык көрүнүшүн өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тарыхый-маданий мурастарды сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөктөштүктү бекемдөө боюнча өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.