Кыргызстан КМШнын XXIII Эл аралык «Искусство книги» сынагында тарыхый ийгилик жаратты
27 июль

Кыргызстан КМШнын XXIII Эл аралык «Искусство книги» сынагында тарыхый ийгилик жаратты

2026-жылдын 23–24-июль күндөрү Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) XXIII Эл аралык «Искусство книги» сынагында Кыргыз Республикасы тарыхый ийгилик жаратып, жалпысынан 9 абройлуу сыйлыкка ээ болду.

Аталган абройлуу эл аралык сынакка Азербайжан Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Сынактын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын басылмалары төмөнкүдөй сыйлыктарга татыды:

Гран-при – 1;

Атайын сыйлык – 1;

I орун – 1;

II орун – 3;

III орун – 3.

Бул жетишкендик Кыргызстандын китеп чыгаруу өнөрүнүн, полиграфиясынын, көркөм жасалгасынын жана басма маданиятынын эл аралык деңгээлде жогорку баага ээ болуп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

Айрыкча, Гран-прини жеңип алуу өлкөбүздүн заманбап китеп искусствосунун дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кыргыз маданиятынын эл аралык аброюн айгинелеген маанилүү окуя болду.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасы бул жеңишти авторлордун, сүрөтчү-дизайнерлердин, басмаканалардын, илимий мекемелердин жана китеп чыгаруу тармагында эмгектенген бардык адистердин үзүрлүү жана биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы катары баалайт.

Белгилей кетсек, XXIII Эл аралык «Искусство книги» сынагынын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду жана сыйлыктарды расмий тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.

Кыргызстандын бул жетишкендиги өлкөбүздүн КМШ мамлекеттеринин арасындагы эң ийгиликтүү катышуучулардын бири экенин дагы бир жолу ырастап, улуттук китеп өнөрүнүн эл аралык аброюн бекемдеген тарыхый окуя болуп калды.