Нарындагы ДКОго карата уюштурулган “Биримдик кербени” салтанаттуу түрдө узатылды
4 июль

Нарындагы ДКОго карата уюштурулган “Биримдик кербени” салтанаттуу түрдө узатылды

Нарын облусунда 3-июлда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган “Биримдик кербени” салтанаттуу түрдө узатылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүл катышып, кербенге ак жол каалап, Нарын жеринин алынган мөлтүр кашка сууну тапшырды.

Өз сөзүндө облус башчысы “Биримдик кербени” өлкөнүн бардык аймактарын бир максатка, бир тилекке бириктирген маанилүү демилге экенин белгилеп, Нарындан кошулган суу облустун ак дил каалоосун, ынтымагын жана берекесин билдирерин айтты.