Кыргызстан Борбор Азияда маданий кызматташууну күчөтөт
2025-жылдын 14-ноябрында министр М.К. Мамбеталиев Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин Биринчи жолугушуусуна катышты.
Министр Өзбекстанга иш-чараны уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы тарых, руханий баалуулуктар жана маданий мурас аймакты бириктирерин баса белгиледи.
Кыргызстан бир нече демилгени сунуштады:
– маданий алмашууларды жана биргелешкен фестивалдарды кеңейтүү;
– музейлер ортосунда кызматташуу жана фонддорду санариптештирүү;
– Жибек жолу боюнча туристтик маршруттарды илгерилетүү;
– креативдүү индустриялар жана кино тармагында жаштар долбоорлорун колдоо.
Министр Өзбекстанды ЮНЕСКОнун 43-сессиясын ийгиликтүү өткөргөнү менен куттуктап, Көчмөн мурастын эл аралык күнүнүн кабыл алынышын маанилүү кадам деп атады.
Кыргызстан өлкөлөрдү VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына жана Айтматовдун Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чараларга чакырды.
Ошондой эле үч өлкө лидерлеринин аракети менен чек ара маселелеринин чечилиши жана Ноорузду Хожентте биргелешип белгилөө достуктун символу катары белгиленди.
Министр бул жолугушуу маданият министрлеринин жыл сайын өтүүчү жаңы форматка айланарына үмүт билдирди.
