Тажикстанда Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү аяктады
10 июль

Тажикстанда Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү аяктады

Тажикстан Республикасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде жана ийгиликтүү өткөрүлдү.

Бул иш-чаралар кыргыз-тажик мамилелерин, айрыкча гуманитардык жана маданий тармактардагы кызматташууну чыңдоодо маанилүү кадам болуп калды.

Программа алкагында концерттер жана башка чыгармачыл иш-чаралар өткөрүлүп, кеңири коомчулукка Кыргызстандын бай маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Айрыкча салттуу өнөргө, элдик музыкага, заманбап сахна искусствосуна жана эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттарынын өз ара тажрыйба алмашуусуна басым жасалды.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө бүгүнкү маданий диалог элдер ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө гана эмес, регионалдык узак мөөнөттүү кызматташуунун туруктуу платформасын түзүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.

«Кыргыз жана тажик элдерин тарыхый жана руханий мурастар, окшош салттар, өнөрлөр жана тилдери бириктирип келет. Маданият — бул искусство, музыка аркылуу жүрөктөрдү жана жан дүйнөлөрдү бириктирген көпүрө. Маданият — бул биримдик!» — деп баса белгиледи..

Маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий кызматташтыктын 30 жылдык мааракесинин алдында өтүп жатканы менен да өзгөчө мааниге ээ болду. Өткөн жылдар аралыгында эки тарап гуманитардык өнөктөштүк үчүн бекем негиз түзүп, бул жолку иш-чаралар бул багытты мындан ары да бекемдей турганын көрсөттү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Тажикстан Республикасынын Маданият министрлигине жылуу кабыл алуу жана иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.