Кыргызстан менен Италиянын маданий кызматташтыгы боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп өттү
14 ноябрь

Кыргызстан менен Италиянын маданий кызматташтыгы боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов Италия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Антонелло Де Риу менен жолугушту.

Жолугушууда министрдин орун басары Де Риуну жылуу тосуп алып, маданий багыттагы кызматташууга Италия тарап көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Италияны дүйнөлүк маданияттын, искусствонун, музыка, архитектура жана кинематографиянын эң ири борборлорунун бири катары атап, мындай мамлекет менен алакаларды бекемдөө Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Тараптар акыркы жылдары ишке ашкан биргелешкен иш-чараларды – италиялык тасмалардын көрсөтүлүшүн, концерттик жана билим берүү программаларын, чыгармачыл алмашуу долбоорлорун – өз ара кызматташуунун ийгиликтүү жана позитивдүү жыйынтыктары катары кошумчалашты.

Италия Кыргызстандын маданий чөйрөдөгү маанилүү өнөктөшү экени баса белгиленип, тараптар келечекте театр, музыка, кино, маданий мурасты сактоо жана чыгармачыл адистердин кесиптик алмашуусу багытында кызматташууну кеңейтүүгө даярдык билдирилди.