Курулуш министрлиги
19 май
Каракол шаарындагы тарых музейи жаңыланууда
Каракол шаарындагы тарых музейи толук реконструкциядан өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт.
Музейди жаңылоо иштери “Кыргызкурулуш” МИ тарабынан жүргүзүлүүдө. Учурда объектте демонтаждоо иштери толук аяктап, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылууда.
Башкы планга ылайык музей комплекстин жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн 3 корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ичи жана архитектуралык сырткы көрүнүшү жасалып, инженердик тармактары модернизацияланат.
Бул долбоор аймактын инфратүзүмүн жакшыртууга, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
