Ош облустук куурчак театрына көркөм жетекчи болуп Эльмира Чокморова дайындалды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын 13-ноябрындагы буйругуна ылайык, Ош облустук Н. Шамурзаев атындагы куурчак театрынын көркөм жетекчиси болуп Эльмира Абдылдаевна Чокморова дайындалды.
Жаңы жетекчи 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде өз милдетин аткарууга киришет.
Эльмира Чокморова 1976-жылы 14- июнда төрөлгөн. Ал театр жана куурчак искусствосунун кесипкөй адиси, 25 жылдан ашык убакыт бою маданият жана билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келет.
1994–1997-жылдары Бишкек шаарындагы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайын аяктап, «драма жана куурчак театрынын актрисасы» квалификациясын алган.
1997–1999-жылдары Казакстандын Т. Жүргенов атындагы театр жана кино институтунда билимин улантып, «драмалык театр жана кино актрисасы» адистигин өздөштүргөн.
2016-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүп, «драмалык театрдын режиссёру» квалификациясын алган.
Э. Чокморованын эмгек жолу 1997-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башталып, актриса, режиссёр, педагог жана уюштуруучу катары ийгиликтүү иштеп келген. Ал ошондой эле Т. Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында жана аталган театр алдындагы окуу жайда окутуучу болуп иштеген.
2015–2019-жылдары Москва шаарындагы С. В. Образцов атындагы мамлекеттик академиялык борбордук театрда, Москва шаардык жана Москва облусунун куурчак театрларында тажрыйба алмашуудан өткөн.
Ошол эле буйрукка ылайык, мурда бул кызматты аркалаган Эшенкул Самикулович Боромбаев өз каалоосу менен 2025-жылдын 11-ноябрынан тартып кызматынан бошотулду.
