Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы
2 апрель
Умрага сапар, үч автоунаа. Манас шаарында Чубак ажы Жалиловдун элесине арналган Куран жарышы өттү
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Эки күн бою өткөн Куран конкурсунда башкалардан айырмаланып, озуп чыккан ар бир категориянын баш байге ээлерине 3 автоунаа ыйгарылды.
Жеңүүчүлөр:
- 10 пара боюнча I орун – Укаша Жамалдинов (Spark автоунаасы);
- 20 пара боюнча I орун – Муса Мирбеков (Avante автоунаасы);
- 30 пара боюнча I орун – Давуд Абдыкадыров (Toyota Venza автоунаасы).
Калган конкурсанттарга акчалай сыйлыктар жана умра сапарына жолдомолор берилди. Ошондой эле жалпы катышуучуларга дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Белектерди муфтий Абдулазиз кары Закиров жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев башаган аалымдар тапшырды.
