Кыргызстанда куткаруучулар тууралуу тасма тартыла баштады
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинин колдоосу менен Cheber Production киностудиясы тарабынан «Куткаруучулар» аттуу жаңы тасманын тартуу иштери башталды.
Тасманын режиссёру жана продюсери — Азамат Исмаилов.
Тартуу иштеринин башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков жана «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинин директору Амантур уулу Эрмек катышып, чыгармачыл топко ийгилик каалашты.
«Куткаруучулар» тасмасында Кыргызстандын белгилүү актёрлору роль жаратышат. Тасмада куткаруучулардын күнүмдүк кесиптик ишмердүүлүгү, жоопкерчилиги, кайраттуулугу жана адам өмүрүн сактап калуу жолундагы татаал эмгеги баяндалат.
Долбоордун негизги максаты — ата мекендик кино өндүрүшүн өнүктүрүү менен бирге коом үчүн маанилүү темаларды көркөм тасма аркылуу чагылдыруу, куткаруучулардын кесибинин маанисин коомчулукка жеткирүү жана алардын эмгегине болгон сый-урматты арттыруу.
Тасманын тартуу иштери Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүргүзүлүп, көрүүчүлөргө куткаруучулардын кесиптик дүйнөсүн, алардын күжүрмөн эмгегин жана адам өмүрүн сактап калуудагы маанилүү миссиясын кеңири таанытууга багытталат.
