Бишкек шаары – эл аралык музыкалык конкурстун старттык чекити болуп калды
7-июлда саат 18:00дө Ала-Тоо аянтында салтанаттуу иш-чара өттү: Кыргызстан «Интервидение» музыкалык сынагынын байрагын өткөрүү эстафетасын баштады.
Иш-чара «Евразиянын жүрөгүнө саякат» аттуу эл аралык автоэкспедициянын алкагында уюштурулду.
Кыргызстандык өкүлдөр – популярдуу «Nomad» тобу – байракка алгачкы кол тамгаларын коюп, символикалуу артефактты экспедициянын өкүлдөрүнө тапшырды.
Байрак эми Кыргызстандан Өзбекстанга, андан соң Тажикстанга жеткирилет.⠀
«Бул конкурска старт берүү биздин өлкөдө өтүп жатканы – чоң сыймык», – дешти «Nomad» тобунун мүчөлөрү.
