Эл жазуучусу Самсак Станалиевдин 75 жылдык мааракесине арналган кече өттү
14 ноябрь

Эл жазуучусу Самсак Станалиевдин 75 жылдык мааракесине арналган кече өттү

Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрында 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, көп кырдуу талант ээси Самсак Станалиевдин 75 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, калемгердин жакындары жана окурмандары катышты.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басарлары Атантай Акбаров жана Абдылдажан Акматалиев сөз сүйлөп, Самсак Станалиевдин улуттук адабиятты өнүктүрүүдөгү зор эмгегине токтолушту.

Алар Станалиевди көркөм сөздүн философиялык мазмунун терең ачып, лиризм менен айкалыштырган чыгармаларды жараткан залкар калемгер катары белгилешти.

Мааракенин алкагында жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тартылган даректүү тасма көрсөтүлүп, Станалиевдин түрк тилдүү окурмандарга арналган, Мухиттин Күмүш которгон «Şimşeğın gözyaşı» («Чагылгандын көз жашы») романынын расмий бет ачары өттү.

Ошондой эле жазуучунун ырлары көркөм окулуп, адабият таануучу окумуштуулар тарабынан илимий баяндамалар жасалды.

Салтанаттын соңунда чакан концерттик программа сунушталып, коноктор жазуучунун чыгармачылык дүйнөсү менен дагы бир ирет жакындан таанышты.