Кыргызстанда алгачкы жолу учактын ичинде мода көргөзмөсү өтөт
www
25 апрель

Кыргызстанда алгачкы жолу учактын ичинде мода көргөзмөсү өтөт

2026-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасында алгачкы жолу уникалдуу маданий долбоор — Бишкек–Каракол багыты боюнча учуп бара жаткан учактын ичинде мода көргөзмөсү өтөт.

Учуудагы негизги окуя — белгилүү кыргыз дизайнери Айпери Обозованын коллекциясынын көрсөтүлүшү болот. Ал Кыргызстанды дүйнөнүн ондон ашык өлкөсүндө таанытып, көп жылдан бери салттуу элементтерди жана орнаменттерди заманбап интерпретация аркылуу улуттук маданиятты жайылтып, кыргыз иденттүүлүгүн кеңири аудиторияга таанытып келет.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын («Манас» эл аралык аэропорту), Asman Airlines авиакомпаниясынын, ошондой эле рейсти камсыздандырууну ишке ашырган «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Учактын ичинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Мадаминов Аскаралы Шукуралиевич катышат, бул долбоорго мамлекеттик деңгээлдеги жогорку колдоону айгинелейт.

Долбоордун демилгечиси жана идеялык жетекчиси — маданий долбоорлордун режиссёру, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Олеся Семикоз.

Бул долбоор мода, искусство жана авиацияны бириктирген инновациялык маданий формат болуп саналат. Көргөзмө түздөн-түз учуу учурунда өтүп, Кыргызстанда гана эмес, бүткүл региондо алгачкы тажрыйба болот. Ал өлкөнүн креативдүү потенциалына көңүл буруп, анын заманбап, динамикалуу жана дүйнөгө ачык образын көрсөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын сценарийи авиациялык коопсуздуктун бардык талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан. Учуу учурунда моделдер учактын салонунда жүрүш жасап, коллекциянын образдарын көрсөтүшөт. Көргөзмөгө профессионал моделдер менен катар белгилүү блогерлер жана артисттер да катышат.

Долбоордун өзгөчөлүгү — күтүлбөгөн эффект: чакырылган коноктордон тышкары, учакта алдыдагы көргөзмө тууралуу кабары жок кадимки жүргүнчүлөр да болот. Бул жандуу маданий окуянын өзгөчө атмосферасын түзөт.

Бул көрсөтүү Кыргызстандын маданий имиджин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, эл аралык деңгээлде креативдүү демилгелерди ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып берет.