Чүй театрында “Кырк өрүм” жаңы спектаклинин бет ачары өттү
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында бүгүн, 5-июнда “Кырк өрүм” жаңы спектаклинин бет ачары өттү. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Спектаклди чет өлкөдөн театралдык билим алып, учурда британ сахнасында иштеп жаткан жаш режиссёр Айжамал Насирдинова ЧОТМДиСтин бир нече актрисаларынын, ошондой эле чакырылган музыканттардын катышуусунда аткарган.
Спектаклде Умай эне жөнүндөгү байыркы уламыштар жанданып, салттуу музыка жаңырып, кыздардын өрүмдөрү аялдык күчтүн жана элдик эс тутумдун символуна айланган.
