Талас облустук музыкалык-драма театрынын жатаканасы жаңыланууда
14 ноябрь

Талас облустук музыкалык-драма театрынын жатаканасы жаңыланууда

Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан Талас облустук музыкалык-драма театрынын региондордон келген актер жана актрисалар үчүн каралган жатаканасы оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Капиталдык оңдоп-түздөө иштери менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жеринде таанышты. 

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №99-б токтомуна жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2009-жылдын 18-мартындагы №03-1/4-1449 буйругуна ылайык, Талас райондук аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнүн имараты Талас облустук музыкалык-драма театрынын балансына өткөрүлгөн.

Мурдагы жылдардагы ремонт иштери:

• 2009-жылы жылытуу системасын оңдоого – 213 404 сом;

• 2011-жылы капиталдык ремонтко – 771 108 сом сарпталган.

Учурда Маданият министрлиги тарабынан 11 489 600 сом каралып, долбоор боюнча жатакананын чатыры, ички бөлмөлөр (евроремонт), сырткы эшиктер жана терезелер, таза суу киргизүү, электр зымдарын жаңылоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

Жатаканада 11 үй-бүлө жашайт, жалпысы 13 бөлмө бар.