Бишкекте Тажикстандын кино күндөрү ачылды
18 май

Бишкекте Тажикстандын кино күндөрү ачылды

Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында 18-майда Кыргызстандагы Тажикстандын кино күндөрүнүн расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Тажикстан Республикасынын маданият министри Сатториён Матлубахон Амонзода катышты.

Кино күндөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан 18–20-май күндөрү уюштурулуп, кыргыз-тажик достугун чыңдоого, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки элдин маданий диалогун өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө тажик кинематографиясынын көркөм тасмалары көрсөтүлүп, чыгармачыл жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлөт.

Расмий ачылыштан кийин “Зиндаги забост” көркөм тасмасы тартууланды. Ошондой эле 19-майда саат 14:00дө “Дар талоши хакикат”, 20-майда саат 14:00дө жабылуу аземинин алкагында “Тропа гнева” тасмасы көрсөтүлөт.

Кино күндөрү эки мамлекеттин маданий байланыштарын тереңдетүүгө, гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү арттырууга өбөлгө түзөт.

Иш-чарага кирүү акысыз.