Залкар композитор Муратбек Бегалиевдин мааракелик кечеси өттү
6-декабрда белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Муратбек Бегалиевдин 70 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди.
Мааракелик иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, чет өлкөлөрдөн келген коноктор, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү катышты. Министр Муратбек Акимовичтин улуттук музыка өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын чыгармачылыгы кыргыз маданиятынын дүйнөлүк аренада таанылышына өбөлгө болгонун айтты.
1993-жылдан тарта ал Кыргыз улуттук консерваториясын жетектеп, өлкөнүн профессионалдык музыкалык коллективдеринин калыптанышына жана Кыргызстанды дүйнөлүк маданий аянтчаларга чыгарууга чоң салым кошкон. Муратбек Бегалиевдин шакирттери бүгүн эл аралык деңгээлде ийгиликтерге жетишип, кыргыз музыкалык мектебинин беделин көтөрүп келишет.
