Бишкекте көрүнүктүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды
30 декабрь

Бишкекте көрүнүктүү кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин эстелиги ачылды

Бишкек шаарында 30-декабрда кыргыз улуттук кинематографиясынын залкар өкүлү, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көрүнүктүү кинорежиссёр жана коомдук ишмер Төлөмүш Океевдин эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, КР агартуу министри Догдургул Кендирбаева, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, А. Акматов атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү, режиссёрдун замандаштары, жакындары катышты.

Төлөмүш Океев кыргыз кино өнөрүнүн тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсан.

Анын «Бакайдын жайыты», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш», «Уркуя» сыяктуу тасмалары кыргыз элинин дүйнөтаанымын, тарыхын жана руханий баалуулуктарын кеңири чагылдырып, улуттук кинонун дүйнөлүк деңгээлде таанылышына өбөлгө түзгөн. Айрыкча «Бакайдын жайыты» тасмасы дүйнөнүн мыкты 100 тасмасынын катарына кирип, кыргыз киносуна эл аралык даңк алып келген.

Эстеликтин ачылышы улуу режиссёр Төлөмүш Океевдин 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн маанилүү иш-чаралардын уландысы болуп, анын улуттук маданиятка кошкон зор салымын даңазалоого жана бай чыгармачылык мурасын келечек муундарга жеткирүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, эстелик А. Акматов атындагы коомдук фонд тарабынан каржыланып, орнотулган.