Андрей Рязанцев: 2026-жылга жылдыз белгилери боюнча гороскоп
Кой – жылдын алгачкы айларында кошумча жумуштун же жаңы кызматтын аркасында каржылык абалыңыз жакшырат. Кирешенин өсүшү мурдатан бери пландаштырылган сатып алууларды ишке ашырууга жана жазында же жайдын экинчи жарымында кызыктуу саякаттарды, романтикалык жолугушууларды уюштурууга мүмкүндүк берет. Сүйүү окуялары жеке жашооңузду жандандырат. Эски мамилелерди калыбына келтиресиз же жаңы мамилелерди түзүшүңүз мүмкүн. Апрель жана май айларында ишкердик байланыштардын кеңейиши, билимдин толукталышы күтүлөт, бул ноябрь жана декабрь айларында маанилүү роль ойнойт. Июнь жана октябрь айларында айрым тааныштардын катуу убадалары пландарыңызды бузушу мүмкүн. Аларга ишенип алгандыктан жаңылышып калышыңыз ыктымал.
Букачар – январь жана февраль айларында элестетип жүргөн идеялар менен кыялдарды да ишке ашыра аласыз жана мындан улам оң эмоциялардын чоң толкунуна кептелесиз. Иштиктүү сүйлөшүүлөрдө тапкычтыгыңыз пайдасын тийгизет, ал эми сүйкүмдүүлүгүңүз менен көркүңүз акыркы убакта өчүп бараткан сүйүү отун кайра алоолонтот. Марттын экинчи жарымында, апрель жана май айларында жумуштагы өзгөрүүлөр каржылык абалыңызга жакшы таасир этет. Көп күч жумшабай эле кирешеңизди көбөйтөсүз. Август жана октябрь айларында жетекчиликтин убадасына ишенүү жеңил ойлуулук болуп калат. Өзүңүз жөнүндө мезгил-мезгили менен эскертип туруңуз жана документтердин жылышын, ошондой эле сизге берилген убадалардын аткарылышын көзөмөлдөңүз. Өзүңүздүн шамдагайлыгыңыздын аркасында кирешеңизди көбөйтүп, август айында жана жылдын аягында ийгиликтүү сатып алууларды жасайсыз.
Эгиздер – жылдын башында кыймылсыз мүлккө документтер, өз ишин өнүктүрүү, ошондой эле турак жай маселелерин чечүүгө көмөктөшө турган колдоочулар табылат. Пайдалуу кеңештердин жардамы менен оңдоо же курулуш иштерин баштап ийгиликтүү уланта аласыз. Иштерди жана үй жумуштарын бүткөндөн кийин, жазда жана жайдын экинчи жарымында 2025-жыл ичинде ишке ашыра албаган кыялдарды орундата аласыз. Көптөн күткөн саякаттар, кечелер жана жолугушуулар болушу мүмкүн. Июнь айында жетекчилик жана таасирдүү адамдар менен талашуудан алыс болуңуз. Көйгөйлүү маселелерди август айында ийгиликтүү чечүүгө болот. Октябрь айында ден соолугуңузду караңыз, ошондуктан саякаттарды жана маанилүү үй-бүлөлүк иш-чараларды ноябрь айында өткөргөн жакшы. Жылдын аягы иштерде жана окууда ийгилик алып келет.
Бөйөн – жылдын алгачкы айларында күтүлбөгөн кабарлар пландарды кескин өзгөртөт. Күтүлбөгөн сапарлар жана жолугушуулар кызыктуу долбоорлорго жана пайдалуу кызматташууга жол ачат, ошондуктан келген билдирүүлөргө көңүл буруп, өзүңүзгө ишенишиңиз керек. Жазында үйдөгү мамилелерди ишенимдүү сүйлөшүү аркылуу жөнгө салууга болот. Биринчи кадамды таштасаңыз, анда эле сиз көптөн күткөн сөздөрдү угасыз, алар баарлашууда ойдон чыгарылган тоскоолдуктарды жок кылат. Акчага акылдуулук менен мамиле кылыңыз. Айрыкча август жана октябрь айларында. Эмоцияга алдырып, олуттуу чыгымга учурайсыз. Сатып алууларды кылдат пландаштыруу менен жоготуулардан качып, аманаттарыңызды көбөйтөсүз, ошол эле учурда пайдалуу сатып алууларды жасайсыз. Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр ноябрь жана декабрь айларынын башында эң ийгиликтүү болот.
Арстан – кокусунан жетекчилик же таасирдүү адамдар менен жолугуп калсаңыз, саламдашуу менен эле чектелбеңиз. Январь жана февраль айларында карьераңызды бир топ көтөрүп же маанилүү долбоорлорго колдоо аласыз. Ыкчамдуулугуңуздун натыйжасында кирешеңиз бир топ өсөт. Марттын аягында жана апрель айында кыска сапарлар жана кызыктуу кечелер болот. Эгер сиз дагы эле өзүңүздүн жарымыңызды издеп жүрсөңүз, жеңил флиртке жооп кайтарыңыз, ошондо кечеден жалгыз кетпейсиз. Иштиктүү жашооңуз бир топ жанданат, алыскы сапарларга чыгышыңыз мүмкүн. Июнь айында акчаңызды коротууга шашпаңыз, күтө турсаңыз август жана сентябрь айларында көбүрөөк пайда менен коротосуз. Бул убакта көңүл ачуучу саякаттар да, иш сапарлар да болот. Октябрь айында үйдөгү талаш-тартыштардан алыс болуңуз. Ноябрь айында чыр-чатактардын себептери өзүнөн өзү жоюлат. Жылдын аягы ишкердик жана көңүл ачуу иш-чаралары менен коштолот, аларды сиз жетектейсиз.
Бийкеч – жылдын башында оюңузга келген күчтүү идеяларды ички сынчыңыз иштеп баштаганга чейин ишенимдүү түрдө ишке ашырыңыз. Аракеттенүүдөн бир аз эле кечигип калсаңыз ыңгайлуу учурду колдон чыгарасыз. Азырынча сизге иштерде да, өнүгүүдө да бардык чокулар багынат. Саякаттар жана алыс жактагы адамдар менен баарлашуу ийгиликтүү болот. Апрель жана май айларында иш жолугушууларында кызматташуунун каржылык шарттарын талкуулоону унутпаңыз. Сиздин билимиңизге жана тажрыйбаңызга акчалай баа берилет. Жайдын биринчи айы нерв коротуу менен өтүшү мүмкүн жана анын себеби - таасирдүү адамдар менен болгон мамилеңизге зыян тийгизүүчү ушактар болот. Маанилүү маселелер жана документтер менен июль жана август айларында алектенүү жакшы. Октябрь айында ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Тыныгуу жасап, эс алуу керек. Ноябрь жана декабрь айларында жаңы күч менен жаңы долбоорлорду ишке ашырып, каржылык абалыңызды бир топ жакшыртасыз.
Тараза – жылдын башында интуиция документтер жана каржы менен байланышкан кыйын кырдаалдардан чыгуунун жолун көрсөтөт. Кайраттуу кадам казынаңызды толтуруп, эңсеп жүргөн документтерди алууга мүмкүндүк берет. Казынаңыздын толукталышынын аркасында жазда жана августта романтикалык саякатка жана сезимдерди билдирүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Июль жана августта досторуңуз жана тааныштарыңыз менен узакка кеңешүүгө убакыт табасыз. Бирок канча көп кеңещ берилбесин, биринчи кадамды өзүңүз жасабасаңыз, ал жеке бакытка жетүүгө жардам бербейт. Октябрда чыгымдарды токтото туруңуз. Инвестициялар жана сатып алуулар каржылык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн. Сентябрда өнүгүү стратегиясы менен тактикасын кайрадан карап чыгып, ноябрда жана декабрда ийгиликке жетишесиз. Алыскы сапарлар, кызыктуу долбоорлорду ишке ашыруу күтүлөт.
Чаян – 2025-жылы коюлган максатка талыкпай умтулууну улантып, 2026-жылдын январь жана февраль айларында ага жетесиз, бул иш чөйрөсүндө жана романтикалык мамилелерде көптөн күткөн өзгөрүүлөрдү алып келет. Марттын экинчи жарымынан баштап күтүлбөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында кирешелер көбөйө баштайт. Июнь айында каржыны текке кетирбөө маанилүү. Август айында таасирдүү адамдарга жана жетекчиликке толугу менен таянсаңыз, убакытты текке кетирип, кезектеги убадаларды гана аласыз. Достор жана кесиптештер реалдуу долбоорлорго катышууну сунушташат, анда сиз өз идеяларыңызды ишке ашырып, сентябрь жана ноябрь айларында чыныгы жеңиштин даамын тата аласыз. Октябрь айында үйдөгү жана сүйүктүү адамыңыз менен болгон мамилени татаалдаштырбоого аракет кылыңыз. Ноябрь жана декабрь айларында сизди сүйгөн адам сиз үчүн тоону жылдырууга даяр болот, ошондуктан ийгиликке күмөн санасаңыз да, анын колдоосун кабыл алыңыз.
Жаачы – жылдын башында үй-бүлө, үй жана бизнесиңиздин маселелерин чечүүгө көңүл буруңуз. Сиздин демилгеңиз жакшы натыйжаларды (финансылык жактан да) алып келет. Кыймылсыз мүлккө байланышкан сатып алуулар жана бүтүмдөр пайдалуу. Эс алуу да кызыктуу болот. Жаз пайдалуу баарлашууларды, кыска сапарларды жана иштеги активдүүлүктү алып келет. Апрель жана май айларында сезимдер жана романтика жеке жашооңузга кайтат. Мамилелердеги маанилүү маселелерди ушул убакта чечкениңиз жакшы, анткени июнь айында сезимтал темаларда сүйлөшүү үйдөгү чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Августта алыскы адамдар менен кат алышам десеңиз, анда эле убакытты текке кетирген болосуз. Түзүлгөн пландар реалдуулуктан алыс болуп чыгат. Күчүңүздү карьерага жумшаңыз. Август жана сентябрь айларында таасирдүү адам менен күтүлбөгөн жерден баарлашып калууңуз тагдырыңыздагы бурулуш окуяга айланат. Октябрь айында ден соолугуңузга кам көрүңүз, ал эми иш сапарларыңызды да, көңүл ачуу сапарларыңызды да ноябрь жана декабрь айларына белгилеңиз.
Текечер – сиздин идеяларыңыз жана пландарыңыз январь жана февраль айларында талап кылынат жана жогору бааланат. Чет өлкөдө жумуш табууда же бизнесиңизди өлкө чегинен тышкары жылдырууда чечүүчү ролду ойной турган пайдалуу таанышуулар болот. Окууну улантууга мүмкүнчүлүк болот, бул дагы карьераңыздын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Жазында каржылык агымдар көбөйө баштайт, буга учурдагы жумушуңуздагы өзгөрүүлөр да, кошумча жумуш тапканыңыз да жардамын тийгизет. Июнь айында саякатка шашпаңыз, июль жана август айларындагы саякат кызыктуу жана натыйжалуу болот. Октябрь айында акча коротууга шашпаңыз. Сатып алуулар пайдасыз болуп калышы мүмкүн, ал эми инвестициялар күтүүнү актабайт. Жылдын аягында көптөгөн кызыктуу идеялар пайда болот, алар декабрь айында да, 2027-жылы да ишке ашат.
Суу пери – январь жана февраль айларында каржылык кирешелер өз убагында келип, саякаттарды төлөөгө гана эмес, көптөгөн пайдалуу сатып алууларды жасоого да жардам берет. Жаз бою кыялдарыңызды ишке ашырып, жүрөгүңүзгө жакын адамдар менен убакыт өткөрүп, көптөгөн жаркын таасирлерге ээ болосуз. Бизнес жана окууда олуттуу прогресске жетишүү мүмкүн. Июнь айында кээ бир жумуш боюнча өнөктөштөр жана тааныштар ийгилигиңизге көз артып, өзүңүзгө болгон ишенимди мокотуу максатында ар кандай сөздөрдү айтышы мүмкүн, ага кейип, көңүл буруп убакыт коротпоңуз. Июль жана август айларында көрө албагандар тынчыйт, а сиз иштиктүү кызматташтыкты өнүктүрүп, сүйүү иштеринде да ийгиликке жете аласыз. Октябрь айында жетекчилик жана таасирдүү адамдар менен баарлашууну татаалдаштырбоого аракет кылыңыз. Сүйлөшүү ноябрь жана декабрь айларында ийгиликтүү болот.
Балыктар – жашооңузду алгачкы айларда баарлашуу жана саякаттар менен толтуруңуз. Келген чакырууларга жооп берип, кызыктуу жана маанилүү окуялардын чордонунда болуп, тааныштарды таап, ишкердик маселелерди чечип, ошол эле учурда эс алып, убакытты сонун өткөрөсүз. Марттын экинчи жарымында жана апрель айында кошумча каржылык кирешелер казынаңызды толтурат, ошондуктан дүкөнгө барып, үйдүн ички жасалгасын жаңылап, кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү ишенимдүү түрдө жүргүзүңүз. Июнь айында өзүңүздү күнүмдүк иштерге арнасаңыз, эң кызыктуу нерселердин баарын өткөрүп жиберип, натыйжада чарчоону жана көңүл калууну сезесиз. Июль жана август айларында иштерди бүтүрүү алда канча жеңил болот. Октябрь айында ден соолугуңузга кам көрүңүз, ноябрь жана декабрь айларында жаңы күч менен кайрадан ишке киришип, 2027-жылдын алдында казынаңызды толтуруңуз.
Астротөлгөнүн автору: астролог жана психолог Андрей Рязанцев
INASTROS эл аралык астрологдор уюмунун мүчөсү, ОППЛнын толук мүчөсү
тел. + 996 555 525052, + 996 778 76 22 10 e-mail: andrey_ar@mail.ru
