2026-жыл – кайра жүктөө жана жаратуу жылы
31 декабрь

2026-жыл – кайра жүктөө жана жаратуу жылы

Жылан, 2025-жылдын кожойкеси, бийлик тактысынан аргасыздан сойлоп түшүп, башкарууну Кызыл От Жылкынын колуна тапшырат. Жылкынын кытайча аталышы – Ма. Кызыл От Жылкы жылы 2026-жылдын 17-февралында башталат. Ушул учурдан баштап Жылкы өз укугуна кирип, бизди 2027-жылга алып баруучу өмүр жолунда жорголойт. Жылкы жылы 2027-жылдын 5-февралында аяктайт да, бул күнү кийинки тотемдик жаныбарга – Кызыл От Койго эстафетаны өткөрүп берет.

Кызыл Оттуу Жылкы жылы Күндүн шакек сымал тутулган күнү башталып, майрамга да, жылкы жылына да өзгөчө маани берет. Бул күн зыяндуу адаттардан жана көз карандылыктан арылууга ыңгайлуу, бирок жыл бою ал баш тартууну улантып, убакытты жакшы иштерге жана чыгармачылык эмгекке арноо маанилүү. Кумар, бош убакыт, ашыкча нерселерди Жылкы жактырбайт. Карыздардан кутулууга, чыр-чатактарды жана талаштарды бүтүрүүгө эң ыңгайлуу убакыт, демек, убакытты жумушка, курулушка, үйдөгү өзгөрүүлөргө, бизнести өнүктүрүүгө, билимге арнап, ишти да, эс алууну да бирдей алып кетүү керек.

Жылан жылына таандык январь жана февраль айынын биринчи жарымында, өткөн 2025-жылы жасалган иштердин жыйынтыгын күтсө болот. Өжөрлүк жана туруктуулук аркылуу жумушта да, окууда да ийгиликке жетишүүгө, жеке мамилелерди калыбына келтирүүгө, Жылан жылында келип чыккан талаш-тартыштарда жана чыр-чатактарда компромисстик чечимдерди табууга болот. Көрсөтүлгөн акылмандуулук жана алысты көрө билүү 2026-жылдын кийинки айларында толугу менен акталат, жаз мезгилинде кайра жүктөөнү ишке ашырууга негиз даярдайт.

Жаңы, масштабдуу долбоорлорду 21-марттан баштап жаздын аягына чейин колго алган жакшы. Жылкы түптүүлүктү жана эмгекчилдикти жакшы көрөт, ошондуктан ишке канчалык эрте киришсең, алдыга жылууга тоскоол болгон эски көйгөйлөрдөн ошончолук тез арыласың.

26-февралдан 20-мартка чейин Меркурий ретрограддык кыймылда болот, бул мурда кетирилген каталарды оңдоого жана 2026-жылга карата иш-аракеттердин стратегиясын дагы бир жолу ойлонууга мүмкүндүк берет, ошондо мурунку каталар кайталабайт.

Июнь айында күтүлбөгөн кыйынчылыктарга, интригаларга, азгырыктарга туш болушуңуз мүмкүн. Шашылыш жана ойлонулбаган чечимдерден, насыяларды алуудан алыс болуңуз.

Июль айында эле, анын ичинде 29-июндан 24-июлга чейин улана турган Меркурийдин ретрограддык кыймылына байланыштуу, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолун табууга болот, ал эми 25-июлдан баштап август айынын ичинде жоготулган нерселердин ордун толтурууга, ойлонулган идеяларды жигердүү ишке ашырууга мүмкүн. Эс алууга, романтикага, ошондой эле курулушка, оңдоого, кылдат инвестициялоого ылайыктуу убакыт.

Сентябрда жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө жазда башталган трансформациянын жана кайра жүктөөлөрдүн биринчи этабындагы жыйынтыктар алынат. Өткөн жолду жыйынтыктап, кайра жүктөөлөрдүн жана трансформациялардын экинчи этабына өтүү керек болот.

Октябрь дээрлик ретрограддык Меркурий менен Венеранын белгиси астында өтөт. 3-октябрдан баштап Венера ретрограддык кыймылды баштайт, ал эми 24-октябрдан баштап Меркурий. Алар ретрограддык кыймылды дээрлик бир убакта, тиешелүүлүгүнө жараша 13- жана 14-ноябрда аяктайт. Октябрда кызганыч, ээлик кылуу “жарылууларга” алып келип, ал жеке мамилелерди кыйла татаалдаштырышы мүмкүн. Мамилелерди тактоодон, талашуулардан алыс болуңуз. Мунун баары чыр-чатактарга, атүгүл ажырашууларга алып келиши ыктымал.

Ноябрда маанай өзгөрөт, бири-бириңерди угуп, түшүнбөстүктөрдү жеңүүгө болот. Ноябрь айынын экинчи жарымы таанышууларга, романтикалык саякаттарга ылайыктуу. Ноябрда жана декабрда жумушта өз күчүңүздү ашыкча баалабаңыз, кеңештерге кулак салыңыз, айрыкча чоң тажрыйбасы бар адамдардын кеңешин угуңуз, ошондо жылды ийгиликтүү аяктап, кирешелерди эсептеп, натыйжалардан ырахат ала аласыз.

Жылкы жылында баарына жумуш жетиштүү болот, ошондуктан жаңы жылдык майрамдарды белгилеп бүткөндөн кийин, жеңиңизди түрүп ишке киришиңиз. Ийгиликке жана бакубаттуулукка жоопкерчиликтүү эмгек менен гана жете алабыз. Жөн гана жолдуулукка  таянууга болбойт.

Жылкы жылында төрөлгөндөрдүн мүнөзү

Жылкы жылында төрөлгөндөр жашоого, укмуштуу окуяларды жана эрдиктерди абдан жакшы көрүшөт. Сүйүүдө ашыкча кумарлуу болуп, атүгүл башын, аны менен кошо жетишкен нерселеринин баарын жоготуп алышы мүмкүн. Эгерде сиз өзүңүздүн кумарланууңузду көзөмөлдөөнү үйрөнсөңүз, анда жеке жашооңузда да ийгиликке жетип, бактылуу боло аласыз. Өз очогун, өз үй-бүлөсүн түзүү жакшы таасирлерин берет. Жылкы жылында төрөлгөндөр үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактай билишет жана бакубаттуулукту арттыра алышат, анткени алар адамдар жана акча менен мамиле түзө билишет.

Алар саясат, каржы, спорт, өндүрүш, айыл чарба тармактарында ийгиликке жетише алышат. Жылкы жылында төрөлгөн адамдар бир күн да жумушсуз жана ишсиз отурушпайт. Эс алууну жаратылышта өткөрүүнү каалашат. Жаныбарларды жакшы көрүшөт.

Жылкы жылы төрөлгөн белгилүү инсандар

Советтер Союзунун көптөгөн жетекчилери Жылкы жылы төрөлгөн. Баары СССРдин биринчи жетекчиси Владимир Ленинден (Ульянов) башталган. Ленинден кийин бийлик бир аз убакытка Жылкы эмес, башка жылда төрөлгөн Сталинге өткөн, андан кийин Жылкы жылында төрөлгөн эки жетекчи - Никита Хрущев жана Леонид Брежнев өлкөнү башкарууну улантышкан. Мына ушундай кызыктуу факт - СССРдин тарыхы Жылкы жылы төрөлгөн адамдар тарабынан жазылган. СССРди Жылкы жылында төрөлгөндөр жаратышкан жана кайра эле ошолор  талкалашкан. Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин да Жылкы жылы төрөлгөн. Кыргызстанда белгилүү режиссёрлор - кинорежиссёр Динара Асанова жана режиссёр, сценарист  Геннадий Базаров Жылкы жылында төрөлгөн.

Шайкештик, сүйүү, нике

Жылкы жылында төрөлгөндөр өзүн кумардан жогору коюп, сүйүүдөн башын жоготпосо, антпесе узак жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо күтөт. Жылкы көп белгилер менен шайкеш келет. Ал сүйүүнү, сүйүктүү болууну билет жана узак мамилеге жөндөмдүү. Көбүнчө Жылкы, Ит, Жолборс, Коён жылында төрөлгөндөр ылайыктуу. Жылан жана Кой жылында төрөлгөндөр менен дос болгон жакшы, бирок негизинен үй-бүлөлүк мамилелерди да курууга болот. Чычкан, Уй, Балык, Доңуз, Маймыл жылында төрөлгөндөр менен союз көйгөйлүү болот. Короз жылында төрөлгөндөр менен союз болушу мүмкүн, бирок өтө эле сейрек учурда гана.

Жаңы жылды кантип тосуу керек

Жылкы – эмгекчилдиктин, токчулуктун жана бакубаттуулуктун символу, ошондуктан жаңы жылдык дасторкон ар кандай тамак-ашка толуп турушу керек. Биринчи кезекте жемиштер, айрыкча алманын көп болгону жакшы. Алманы салаттарга кошуңуз, казды алма менен бышырыңыз, алма пирогун, компот жасап же жөн эле алманы вазага салып койсо болот. Алмадан тышкары Жылкы сулуну жакшы көрөт. Чийки сулуну эч ким жебесе керек, бирок кээ бир салаттарды же гарнирлерди жасоодо сулунун үлпөктөрүн колдонсо болот. Күндү геркулес боткосу же мюсли менен баштаңыз. Жаңы жылдык дасторконго сырдан да кесип коюңуз. Бул жаңы жыл түнүн жылкы этисиз өткөргөнүңүз оң, уй эти да болбогону жакшы. Канаттуулардан же балыктан тамактарды жасоого болот. Айтмакчы, алкоголсуз, ошондой эле аз алкоголдук сүт коктейлдерин даярдаш керек. Албетте, майрамдык дасторконго кымыз коюлганы маанилүү.  

Жылкы сапатка жана ошол эле учурда бардык нерседе, анын ичинде кийимде да жакшы стилге умтулат. Тар кийимдер майрамдык кийим үчүн анча ылайыктуу эмес, джинсы шымдардан башкасы. Кыймылга тоскоол болбогон, эркин кийимдерди кийүү сунушталат. Бул жүн свитерлер, кардигандар же жеңил блузкалар болушу мүмкүн. Жүндөн жасалган кийимдер, мурунку жылга салыштырмалуу бул жылы актуалдуу болот. Түстөр жылдын түсүнө дал келиши керек – кызыл, кызгылт сары, алтын, ошондой эле ак түс (Pantone версиясы боюнча 2026-жылдын түсү булут бийчиси экенин эске алганда, ал салтанаттуу ак деп сүрөттөлөт), боз, күрөң түстөр кабыл алынат. Аксессуарлардан кызыл же сары алтындан жасалган зер буюмдарды тандасаңыз болот. Алар келе жаткан жылдын стихиясынын түсүнө дал келет. Жылкы жылынын таштары – рубин, анар, аметист, топаз, гиацинт, ошондуктан бул таштар менен кооздолгон зер буюмдар сиздин жаңы жылдык кийимиңизди толуктап турат.

Жаңы жылдык балатыны кооздоп, үйүңүздү жасалгалап жатканда, келе жаткан жылдын символу – жылкыны унутпаңыз. Аны балатынын астына, столго койсоңуз болот, жылкынын формасындагы же анын сүрөтү түшүрүлгөн балаты оюнчугун тандап, балатыга илип койсоңуз да жарашат. Айнектен, жезден, алтын түстүү жылкылардын фигуралары өзгөчө жагымдуу болот. Жылкы жылынын дагы бир символу – така, аны эшиктин үстүнө же балатыга илип коюңуз. Кызыл, сары, алтын түстөгү мишура жана гирляндаларды таап, алар менен балатыны жана үйдү кооздоңуз.

Астротөлгөнүн автору – астролог жана психолог Андрей Рязанцев

INASTROS эл аралык астрологдор уюмунун мүчөсү, ОППЛнын толук мүчөсү

тел. + 996 555  525052, + 996 778 76 22 10  e-mail:  andrey_ar@mail.ru