Казакстандын маданият министри Сулайман-Тоодогу Үңкүр музей комплекси менен таанышты
Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминовдун коштоосунда Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ош шаарындагы иш сапарынын алкагында Сулайман-Тоодогу Үңкүр музей комплекси менен таанышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Делегацияны комплексинин башкы директору Медербек Эсенгелдиев тосуп алды.
Ал конокторго музейдин экспозиция залы боюнча маалымат берип, Казакстандын музейлери, анын ичинде Таңбалы мамлекеттик музей коругу менен жүргүзүлүп жаткан кызматташуу жана биргелешкен иштер тууралуу баяндап берди.
Иш сапар маданий кызматташтыкты чыңдоого жана эки өлкөнүн музей ишин өркүндөтүүгө багытталган маанилүү жолугушуулардын бири болду.
