
Антверпенде Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде спектакль көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилиги 2025-жылдын 14-июнунда Антверпен шаарында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ойчул, дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” аттуу романынын негизинде коюлган театралдык спектаклге катышты.
Бул сценографиялык спектаклди баштапкы кесиби боюнча архитектор болгон мекендешибиз, Антверпен шаарындагы театр мектебинин угуучусу Ольга Островская сахналаштырды.
Көрсөтүү дүйнөлүк адабияттын классигинин бул чыгармасын жаңыча көз караш менен чечмелеп, режиссердук табылгалар жана чыгармачыл ыкмалары аркылуу көрүүчүлөргө терең таасир калтырды. Анда ар түрдүү визуалдык эффекттер жогорку чеберчилик менен колдонулуп, кыргыз эл музыкасы фон катары жаңырып турду.
Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин жазуучунун философиялык жана чыгармачылык мурасын белгилеп, анын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна токтолуп, мекендешибизге ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Ольга Островская менен кызматташтык, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын Бенилюкс өлкөлөрүндө жайылтуу иштери мындан ары да улантылат.