М.В. Фрунзенин үй-музейинин негизделишинин 100 жылдыгына арналган биринчи шахмат турнири  өтөт
26 ноябрь

М.В. Фрунзенин үй-музейинин негизделишинин 100 жылдыгына арналган биринчи шахмат турнири өтөт

М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейи негизделгендигинин 100 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан Биринчи шахмат турниринин өткөрүлөрүн билдирет. Иш-чара 2025-жылдын 6-декабрында саат14:00дө башталып, мекендешибиз жана мамлекеттик ишмер М.В.Фрунзенин элесин сактоого багытталган юбилейлик программалардын маанилүү бөлүгүн түзөт.

Турнирдин белги мааниси да өзгөчө. Анткени шахмат Василий Фрунзенин үй-бүлөсүндө маанилүү орун ээлеп, балдардын физикалык даярдыгы менен катар алардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө түрткү болгон. Шахмат Михаил Фрунзени бүткүл өмүр жолу бою коштоп келген.

Алдыдагы турнирге Тиленбаева атындагы Балдар шахмат борборунун окуучулары катышат. Бул муундар аралык интеллектуалдык салттарды улантууга жана жаш таланттарды колдоого өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • катталган катышуучулар арасында шахматтык партияларды өткөрүү;
  • коноктор музейдин тарыхы менен таанышуу үчүн М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейин кыдыруу;
  • музейдин коллекциясында сакталган Василий Фрунзенин үй-бүлөсүнө таандык бөтөнчө шахмат топтому менен таанышуу.

Бардык каалоочуларды турнирдин катышуучуларын колдоого чакырабыз.