Кыргызстандыктар 26-чы “Казак Романсиадасынын” байге ээлери болушту
20 ноябрь

Кыргызстандыктар 26-чы “Казак Романсиадасынын” байге ээлери болушту

Казакстандын Туркестан шаарында 16-17-ноябрда орус романсынын жаш аткаруучуларынын “Казак Романсиадасы” XXVI Эл аралык конкурсу болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Чыгармачылык таймашка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашык аткаруучу катышты.

Кыргызстандыктар абройлуу музыкалык конкурска ийгиликтүү катышты:

  • Асхат Байышов биринчи сыйлыктын ээси болду;
  • Роман Чеснов экинчи сыйлыктын лауреаты болду;
  • Сыймык Сатыбалдиев үчүнчү сыйлыктын лауреаты болду;
  • Улан Асеков “Артистизм жана сүйкүмдүүлүк үчүн” дипломуна ээ болду.

Конкурста кыргызстандыктар концертмейстер Айбарчын Добулбекованын коштоосунда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эл аралык калыстар тобуна Бишкектеги Орус үйүнүн маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов кирди.

“Казак Романсиадасы” — бул чоң тарыхы бар конкурс, чоң чыгармачылык турмушка жолдомо берген сынак. Бул таймаштын лауреаттары жана жеңүүчүлөрү тажрыйба топтоп, өз өлкөлөрүнүн алдыңкы артисттери болушат.

Эске салсак, 2024-жылдын октябрь айынын аягында Бишкекте Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан жүздөн ашуун катышуучуларды чогулткан орус романсынын аткаруучуларынын “Ортоазиялык Романсиада” 8-сынагы өткөн.