Махачкалада Чыңгыз Айтматовдун бюсту ачылды
20 апрель

Махачкалада Чыңгыз Айтматовдун бюсту ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Махачкалада Расул Гамзатов атындагы Дагестан Республикасынын Улуттук музейинде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү классиги Чыңгыз Айтматовдун бюсту ачылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бюст Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алдындагы «Дагестан элдеринин ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан жасалып, Дагестанга жеткирилген.

Бюст Ч. Айтматовдун көптөгөн сүрөттөрү жана улуу ойчулдун китептери, альбомдору жана журналдары менен толукталган китепкананын борбордук аянтчаларынын бирине орнотулган.