Улан Примов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайдын Цюйфу шаарында өткөн Дүйнөлүк цивилизациялар боюнча 11-Нишань форумуна катышты
9 июль

Улан Примов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайдын Цюйфу шаарында өткөн Дүйнөлүк цивилизациялар боюнча 11-Нишань форумуна катышты

Бүгүн, 9-июлда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов баштаган парламенттик делегация Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясындагы Цюйфу шаарында өткөн Дүйнөлүк цивилизациялар боюнча 11-Нишань форумуна катышты.

Форумга дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 100гө жакын делегат, анын ичинде Шаньдун провинциясынын жетекчилиги, КЭРдин мурдагы вице-премьери, БУУ жана ЮНЕСКОнун өкүлдөрү, дүйнөлүк алдыңкы университеттердин профессорлору жана башка расмий меймандар катышты.

Форумдун негизги максаты – маданияттар аралык диалогду, салттуу баалуулуктарды жана цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн жайылтуу. Иш-чара дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнөн келген мамлекеттик ишмерлерди, парламент өкүлдөрүн, окумуштууларды, эксперттерди жана маданият кызматкерлерин бириктирди. Талкуунун жүрүшүндө элдер ортосунда өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо, тынчтыкта жашоого жана сый-урматка негизделген биргелешкен жашоонун идеяларын жайылтуу маселелери көтөрүлдү.

Форумдун алкагында Жогорку Кеңештин делегациясы пленардык жыйындарга, тематикалык тегерек столдорго катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Делегация Кыргызстандын маданий мурасты сактоого, цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана Кытай менен башка өлкөлөр менен гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон кызыгуусун баса белгиледи.

Форумга катышуу Кыргызстандын эл аралык гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүүгө кошкон маанилүү салымы болуп, өлкөнүн жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана өз ара урматтоого негизделген глобалдык диалогго ачык экенин дагы бир ирет тастыктады.

«Биз Дүйнөлүк цивилизациялар боюнча Нишань форумуна катышуудабыз. Бул форум – маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө, элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделген руханий байланышты чыңдоого өбөлгө түзгөн уникалдуу эл аралык платформа болуп саналат. Улуу Конфуцийдин мекенинде өтүп жаткан бул форум цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн урматтоого, тынчтыкка жана гармонияга болгон умтулууну даңазалап, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген илимпоздорду, маданият өкүлдөрүн жана саясатчыларды бириктирип турат», – деди Улан Примов.