Бишкекте Монгол кино жумалыгы башталды
Бишкекте күн мурун, 9-июнда Монгол кино жумалыгынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинне кабарлашты.
Иш-чара Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки элдин достук байланыштарын чыңдоого багытталган.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков, Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал, ошондой эле Монголиянын Улуттук кино кеңешинин Эл аралык байланыштар жана кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Оргилмаа Бат-Эрдэнэ катышты.
Өз сөздөрүндө тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кинематография элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана достугун бекемдөөнүн натыйжалуу куралы экенин белгилешти.
Кино көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрынын чоң залында өтүп жатат. Монгол кино жумалыгы кыргызстандык көрүүчүлөргө Монголиянын улуттук маданиятын, каада-салттарын жана коомдогу актуалдуу темаларды чагылдырган заманбап кинематографиясы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Монгол кино жумалыгынын алкагында көрүүчүлөргө эл аралык кинофестивалдарда жогорку баага татыган монгол режиссёрлорунун тасмалары сунушталууда.
Көрсөтүлүүчү тасмалардын катарында:
- «Горизонт» (Horizon) – режиссёр Батделгер Бямбасурен. Кино жумалыгынын ачылыш тасмасы.
- «Жымжырт шаардын айдоочусу» (Silent City Driver) – режиссёр Сэнгэдорж Жанчивдорж. Тасма мыкты режиссура жана мыкты эркек ролу үчүн бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.
- «Салкын жел» (City of Wind) – режиссёр Лхагвадулам Пурев-Очир. Жаш шамандын турмушу тууралуу баяндаган драма. Тасма Венеция кинофестивалынын «Горизонттор» программасына катышып, Монголиянын атынан «Оскар» сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.
Монгол кино күндөрү 2026-жылдын 9–12-июнь күндөрү өтөт. Кино көрсөтүүлөргө кирүү бардык каалоочулар үчүн ачык.
