Абдраев атындагы музыкалык орто мектеп-интернаты 60 жылдык мааракесин белгиледи
25 ноябрь

Абдраев атындагы музыкалык орто мектеп-интернаты 60 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн, 25-ноябрда маданият тармагындагы белгилүү окуу жайларынын бири – М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернаты 60 жылдык мааракесин белгиледи.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, мектептин жалпы жамаатын жана конокторду куттуктады.

Мирбек Кемелович өз сөзүндө мектептин имараттарын жаңылоо жана концерттик залдарын куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, маданият жана искусство тармагындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы максаттарды белгиледи.

Ошондой эле, президентинин администрациясынын өкүлү Майрамбек Калыбаев министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Алешович Касымалиевдин атынан куттуктоо сөзүн жолдоду.

Майрамдык программанын алкагында мектептин таланттуу окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн аткаруусунда кыргыз музыкасынын классикалык жана заманбап чыгармаларынын үлгүлөрү тартууланды.

“Ааламга чакырган музыка” аттуу мектептин 60 жылдык тарыхына арналган фильм көрсөтүлдү.

Ошондой эле, М. Абдраев атындагы мектептин айрым кызматкерлери “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты.

Маалымат катары: М. Абдраев атындагы мектеп-интернат өзүнүн 60 жылдык тарыхында Кыргызстандын маданиятынын алдыңкы борбору болуп, жаш таланттарды тарбиялап, келечектеги кесипкөй музыканттарды даярдап келүүдө.

Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн катарында Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиев, Рахатбек Осмоналиев, ошондой эле эмгек сиңирген артисттери Эрнис Асаналиев жана Аида Ташибаева сыяктуу таанымал өнөр ээлери бар.

Азыркы учурда мектептин бүтүрүүчүлөрү өлкө ичинде гана эмес, эл аралык сахналарда да өз өнөрлөрү менен кыргыз музыкасынын деңгээлин дүйнөгө таанытып келишүүдө.