“Кыргыз Маданият Сервис” маданий иш-чараларды жаңы деңгээлге көтөрүүдө
30 декабрь

“Кыргыз Маданият Сервис” маданий иш-чараларды жаңы деңгээлге көтөрүүдө

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдында түзүлгөн “Кыргыз Маданият Сервис” мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 28-августунан тарта өз ишин баштаган. Кыска мөөнөттүн ичинде ишкана өлкөдө өткөрүлүп жаткан ири маданий иш-чаралардын ишенимдүү техникалык өнөктөшүнө айланды.

Ишкананын карамагында президенттин колдоосу менен алынган заманбап LED экрандар, үн жана жарык берүүчү жабдыктар, сахналык техникалар бар. Бул мүмкүнчүлүктөр расмий маданий иш-чаралар менен чектелбестен, ар кандай масштабдагы форум, концерт, фестивалдарды жогорку деңгээлде уюштурууга шарт түзүүдө. Өлкө жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн бул- колдоо маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Техникалык жабдыктарды өз убагында жеткирүү максатында ишкана 2 жүк ташуучу унаа менен камсыздалган. Мындан тышкары, 2025-жылдын жай айларында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Маданият министрлигине жалпы 72 унаа тапшырылып, анын ичинен “Кыргыз Маданият Сервис” ишканасына 37 орундуу 10 автобус, 51 орундуу 5 автобус жана 14 орундуу 17 кичи автобус бөлүнүп берилди.

Бул транспорт каражаттары маданий иш-чараларды уюштурууда логистикалык маселелерди жеңилдетип, ошондой эле министрликке караштуу окуу жайлардын жана театрлардын үзгүлтүксүз иштешине олуттуу салым кошууда. Өлкө жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн колдоо маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

“Кыргыз Маданият Сервис” ишканасы маданият тармагындагы инфраструктураны бекемдеп, өлкөнүн маданий жашоосун өнүктүрүүгө багытталган иштерин мындан ары да улантат.