Ош шаарында айым-режиссёрлордун VII эл аралык кино форуму өтөт
Ушул жылдын 2–5-декабрында Ош шаарында айым-режиссёрлордун VII эл аралык кино форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Кыргызстандын эл артисти Гүлсара Ажыбекованын чыгармачылыгына, Тоолуу региондорду өнүктүрүү программасына жана Эл аралык тоолор күнүнө арналат.
Кинофорум КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти, ОБСЕнин Бишкектеги өкүлчүлүгү жана ОшМУнун колдоосу менен уюштурулууда. Иш-чара ОшМУнун Башкы корпусунда жана “Семетей” кинотеатрында өтөт.
Быйыл Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген режиссёр аялдардын 25 тасмасы көрсөтүлөт. Алар “Айымдардын көз карашы” жана “Экологиялык жана социалдык активизм” программаларынын алкагында сунушталат.
Кинофорумдун жүрүшүндө мастер-класстар, китептин бет ачарлары, панелдик талкуулар жана белгилүү режиссёрлор менен жолугушуулар уюштурулат. Жабылыш аземинде мыкты фильмдерге сыйлыктар тапшырылат.
2016-жылдан бери өтүп келген айым-режиссёрлордун эл аралык кино форуму Борбор Азиядагы режиссёр аялдарды бириктирген алгачкы жана жалгыз чыгармачыл аянтча болуп саналат.
