Ак-Бешим (Суяб) эстелигин сактоо жана өнүктүрүү боюнча илимий симпозиум өттү
2025-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасындагы JICA уюму менен биргеликте Чүй облусунда жайгашкан ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Ак-Бешим (Суяб) археологиялык эстелигин сактоо, коргоо жана туура пайдалануу маселелерине арналган илимий симпозиум өткөрдү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимпоздор, археологдор жана туризм тармагынын адистери катышты. Симпозиумду Министрликтин Маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Ч. Жолдошов ачып, Ак-Бешим (Суяб) эстелигин сактоодо JICA уюмунун кошкон салымын белгилеп, эл аралык кызматташуунун маанисине токтолду.
Симпозиумдун алкагында жапон археологдору Казуя Ямаучи жана Шюмпей Иваи акыркы 10 жылдык археологиялык казуулардын жыйынтыктарын сунушташты. Улуттук илимдер академиясынын өкүлү Валерий Колченко “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында Ак-Бешим (Суяб) эстелигин музейлештирүү концепциясын тааныштырды.
Ошондой эле дүйнөлүк мурас объекттерин натыйжалуу пайдалануу аркылуу туризмди туруктуу өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды. JICA уюмунун туруктуу өкүлү Котаро Нишигата тарыхый-маданий мурастар багытында кызматташтыкты мындан ары да улантууга даяр экенин билдирди.
Иш-чаранын жыйынтыгында Чүй облусундагы дүйнөлүк мурас объекттеринин негизинде туризмди өнүктүрүүгө багытталган JICAнын 4 жылдык башкы планы ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгы белгиленип, Суяб (Ак-Бешим) эстелигинин инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн JICA уюмунун өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
